Баткенде жаңы курулган "Ак-Талаа", "Максат" чек ара заставалары ачылды. Сүрөт

Жаңы имараттарда чек арачылар үчүн заман талабына ылайык бардык шарттар түзүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Баткен облусунда эки чек ара заставасы ачылып, дагы эки чек ара посту жаңыланды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Лейлек районуна барып "Ак-Сарай" чек ара заставасынын ачылышына катышкан. Жаңыдан курулган заставада жатакана, спорттук аянтча, балдар үчүн ойноо аянтчасы, мончо, унаа токтоочу жай жана башка күнүмдүк жашоо үчүн жана эң негизгиси мамлекеттик чек араны татыктуу коргоого зарыл болгон бардык шарттар толугу менен камсыздалган.
1 / 6

Баткен облусунда эки чек ара заставасы ачылып, дагы эки чек ара посту жаңыланды

2 / 6

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Лейлек районуна барып "Ак-Сарай" чек ара заставасынын ачылышына катышкан

3 / 6

Жаңыдан курулган заставада жатакана, спорттук аянтча, балдар үчүн ойноо аянтчасы, мончо, унаа токтоочу жай жана башка күнүмдүк жашоо үчүн жана эң негизгиси мамлекеттик чек араны татыктуу коргоого зарыл болгон бардык шарттар толугу менен камсыздалган

4 / 6

Аталган заставанын курулушу 2011-жылы башталып, бирок ушул убакытка чейин бүтпөй келген

5 / 6

Өткөн жылы курулуш иштери жанданып, кыска аралыкта пайдаланууга берилгени белгиленди

6 / 6

Экинчи застава Баткен районунун Максат айылында ачылды. Анын имараты жаңыдан түптөлүп, заман талабына ылайык шарттар түзүлгөн.

Аталган заставанын курулушу 2011-жылы башталып, бирок ушул убакытка чейин бүтпөй келген. Өткөн жылы курулуш иштери жанданып, кыска аралыкта пайдаланууга берилгени белгиленди.
Экинчи застава Баткен районунун Максат айылында ачылды. Анын имараты жаңыдан түптөлүп, заман талабына ылайык шарттар түзүлгөн. Мында аскерлердин эс алуу бөлмөлөрү, машыгуу залы, фельдшердик бөлүм, жайкы ашкана, футбол аянтчасы, унаа токтоочу жайлары жана мончосу бар.
Алыскы аймактардан келип кызмат өтөгөн кызматкерлердин үй-бүлөсүнүн абалы эске алынып кызматтык үйлөр да даярдалган, балдар үчүн ойноочу аянтчасы да бар. Ташиев чек ара кызматынын өкүлдөрү жана жоокерлер менен бирге тамактанып, жакындан баарлашканы айтылды.
Ошону менен бирге "Жаштык" жана "Чоң-Талаа" чек ара посттору толугу менен жаңыланган. Аталган посттор чек арачыларга коюлган талаптарды аткаруу үчүн керектүү болгон бардык каражаттар менен камсыздалды.
УКМКнын жаңы имаратынын курулушу башталды. Сүрөт