Лицензия албай эле бала бакча ачууга уруксат берүү мыйзам долбоору сунушталды

Учурда бала бакча ачуу үчүн 14 жерден документ чогултуу талап кылынат.
Sputnik
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Жогорку Кеңеште бала бакча иштетүү үчүн лицензия алуу нормасын жокко чыгаруу маселеси каралууда. Бүгүн Социалдык саясат комитетинде "Билим берүү жөнүндө" жаңы мыйзамдын долбоору биринчи окуудан өттү.
Башкы демилгечи депутат Жанар Акаев ушундай жол менен гана мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү мүмкүндүгүн белгиледи.
"Кыргызстанда балдардын 76 пайызы бала бакчага барбайт. Бул маселени коңшу Казакстан менен Өзбекстан лицензияны жокко чыгаруу менен чечти. Бул мыйзам долбооруна дагы ошондой норма кирди. Ким бала бакча иштетем десе Өрт өчүрүү кызматына жана Санитардык көзөмөлгө кабарлоо берет, анан Билим берүү министрлиги аркылуу мамлекеттик стандарт сакталат. Ошентип эле бала бакчаны ачыш керек. Азыр 14 жерден документ чогултуу талап кылынат. Сузакта бир ишкер эки кабаттуу хан сарайын бала бакчага берген экен. Андан кийин Экотехинспекция, ӨКМ жана башкалары келип текшере берип кайра жабууга аргасыз болгонун айтты. Азыр кимде бала бакча ачууга мүмкүнчүлүк болсо шарт түзүп беришибиз керек", — деди Акаев.
Ошондой эле ал Казакстанда ушул мыйзамды киргизгенден кийин бала бакчага барган балдардын саны 90 пайыздан, Өзбекстанда 60 пайыздан ашканын айтып, Кыргызстан дагы ушул деңгээлге жетип алгандан кийин лицензияны кайра киргизип койсо болорун кошумчалады.
Президент мектептерде акча чогултууга тыюу салган жарлыкка кол койду