30-майга карата аба ырайы

30-майга караган түнү өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот
Sputnik
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. 30-май, шейшембиде, күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +25...+30, Талас аймагында +24...+29, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +28...+33, Ысык-Көл өрөөнүндө +21...+23, Нарын жергесинде +19...+24 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +28...+30, Ош шаарында +31...+33 градуска көтөрүлөт.
Радио
ӨКМ өкүлү: сууга түшкөнү барганда баланы өзгөчө сактык менен кароо керек