Зеленский Иранга каршы 50 жыл санкция киргизүүнү сунуштады

Киев менен Тегерандын мамилеси украин бийлигинин "Иран Россияга учкучсуз учактарды берип жатат" деген билдирүүсүнөн улам солгундаган.
Sputnik
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Украинанын президенти Владимир Зеленский Иранга каршы 50 жылга санкция киргизүүнү сунуштаганын РИА Новости жазды.
"Иранга 50 жылдык мөөнөткө тармактык атайын экономикалык жана башка чектөөчү чаралар (санкциялар) колдонулсун", — деп жазылган Украинанын парламентинин токтом долбоорунун толуктоосунда.
Документте Иран менен соода операцияларына толугу менен тыюу салуу, Украинанын аймагындагы ресурстардын транзиттерин, аба каттамдарды жана ташууларды токтотуу, ошондой эле ирандыктардын капиталын постсоветтик республикадан тышкары алып кетүүсүнө жол бербөө сыяктуу жана башка нерселер сунушталган.
Документтин аткарылышына министрлер кабинети, Тышкы чалгын кызматы, Коопсуздук кызматы жана Украинанын Улуттук банкы жооптуу болуп дайындалган. Киев менен Тегерандын мамилеси украин бийлигинин "Иран Россияга учкучсуз учактарды берип жатат" деген билдирүүсүнөн улам начарлаган.
АКШ Россия, Кыргызстан жана Армениядагы компанияларга санкция салды