Токмоктогу үрөй учурган жол кырсыктын жаңы видеосу жарыяланды

Honda Odyssey Нарындан Бишкекке келе жаткан.
Sputnik
БИШКЕК, 28-май – Sputnik. Токмоктун жака белиндеги айланма жолдо болгон кырсыктын жаңы видеосу жарыяланды.
Милиция кырсыктын кесепетинен жеринде 8 киши каза болгонун тастыктады.
ЖКККББнын маалыматына караганда, каза болгондордун бардыгы Honda Odyssey машинасында болушкан. Алар Нарындан Бишкекке келе жатышкан.
Трассанын 78-чакырымына келгенде минивэн каршы тилкеге чыга коюп автоманипулятор менен кагышкан.
Экөө терезеден ыргып кеткен: Бишкекте маршрутка менен автоунаанын кагышкан видеосу