БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Садыр Жапаров футзал боюнча "Мурас" турниринде мыкты чабуулчу аталды.
Президент жалпы жонунан 11 гол киргизип, экинчи жыл катары менен эң мыкты чабуулчу болду.
Жапаровдун командасы "Мураста" үчүнчү орунду ээледи. Ал алгач саламаттык сактоо тармагынын өкүлдөрүнө жеңилип, андан соң коло үчүн таймашты жеңип алды.