Радио

Кулукеева: РФтеги эмгек мигранттарын жеңил акчага азгырылбоого чакырабыз

ТИМдин консулдук департаментинин кеңешчиси Айымкан Кулукеева Россия Федерациясында эмгектенип жүргөн кыргызстандыктарды оңой акча табууга кызыгып кылмышка кириптер болуп калбоого чакырды.
Sputnik
Россияда кылмыштуулук боюнча КМШ мамлекеттеринен барган мигранттар арасында Кыргызстан 3-орунда турат. Албетте, сүйүнө турган көрсөткүч эмес. Бул тууралуу Айымкан Кулукеева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кылмышкерлердин көбү — баңгизаттарды ташып кармалгандар.
"Россия Федерациясындагы эмгек мигранттарынын ичиндеги кылмыштуулук боюнча сөз болгондо КМШ мамлекеттеринин алкагынан алып карасак, кыргызстандыктар 3-орунга келип жетти. Алдыда биздикилерден да кылмыштуулукка кириптер болгон эки өлкө бар. Бул сыймыктана турган же кубана турган иш эмес. Биз кыргызстандык эмгек мигранттарынын бул багытта санын кыскартуу боюнча түрдүү иш-чараларды уюштуруп келебиз. Түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз, маалымат менен камсыз кылууга аракет кылабыз. Буклеттерди чыгарып таркатабыз. Кыргызстандыктардын арасында кылмыш дүйнөсүнө аралашкандардын көбүн интернет аркылуу көп суммадагы каражат убадалап ишке чакыргандарга азгырылгандар түзөт. Алар курьерлик кызмат деп ойлоп, жеңил эле нерсени кыска эле аралыкка жеткирип заматта акчага ээ болууну каалашат. Мындай сунуштар, тилекке каршы, көп учурда баңгизаттарды ташуу болуп чыгат. Россиянын күч органдары видео, аудиодалилдер болуп, жанынан баңгизат табылып, кылмыштын бардык аракеттери такталган соң гана кармадык деп айтышат. Биз барып сураштырганда чынында эле ошондой болуп чыгат. Өзүбүздүн жарандар менен сүйлөшсөк ал ишти досу, классташы, айылдашы жана башка таанышы аркылуу тапканын айтышат. Мындан сырткары, кылмыштын башка түрлөрү да кыргыз эмгек мигранттарынын арасында катталып турат", —деди Кулукеева.
Ал чет мамлекетке эмгек миграциясына чыгып жатканда ошол жердин тиешелүү мыйзамдары менен таанышып, оңой акчага азгырылбоо керектигин кошумчалады.