"Манас" аэропортунан учкан самолет кайра кайтып келди. Себеби

Техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам экипаж кайтып келүүнү чечкен.
Sputnik
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Бишкек – Красноярск багыты менен учкан самолет аргасыздан "Манас" аэропортуна кайтып келди. Ал конор алдында сегиз ирет айланган. Бул тууралуу Sputnik агенттигине аба майдандагы ишенимдүү маалымат булак билдирди.
Учактын бортунда 71 жүргүнчү болгон. "Россия" авиакомпаниясынын учагы 24-май күнү саат 00:41де учуп кеткен.
"Самолет абага көтөрүлгөндөн кийин техникалык мүчүлүштүктөр пайда болгон. Экипаж аэропортко кайтууну чечкен. Учак кайра эле жерге конуу үчүн техникалык коопсуздукту сактоо максатында күйүүчү майын коротушу керек. Ошондуктан асманда сегиз ирет айланган", — деди маалымат булагы.
Самолет саат 01:41де конгон. Авиакомапния жүргүнчүлөргө башка бортту жөнөткөн.
Анкара — Бишкек — Анкара багыты боюнча жаңы авиакаттам ачуу пландалууда