Кыргыз күрөшү боюнча республикалык мелдеш өтөт. Байге фонду миллион сом

Иш-чара белбоо күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Жанболот Осмоновдун элесине арналат.
Sputnik
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. 3-июнда Бишкек шаарында кыргыз күрөшү боюнча республикалык мелдеш өтөт. Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына ылайык, иш-чара дүйнө чемпиону Жанболот Осмоновдун жаркын элесине арналмакчы.
Ага өлкөнүн бардык аймактарынан келген балбандар катышат. Мелдештин жалпы байге фонду — 1 миллион сом. Мындан тышкары, жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом, медаль, сыйлыктар тапшырылат.
Таймаштын катышуучулары 62, 75, 85 килограмм жана андан жогорку салмак категориясында күч сынашат. Спорттук турнир борбор калаадагы "Газпром - балдарга" ден соолукту чыңдоо борборунда өтөт.
Белбоо күрөшү боюнча дүйнөлүк чемпион Жанболот Осмонов 2013-жылы Суусамыр — Талас жолунда автокырсыктан каза болгон.
Бир апта мурун атамды жерге бердим. Бусурманкулдун жеңиштен кийинки сөзү