БИШКЕК, 28-май — Sputnik. "Талибан" күчтөрү менен кагылышта Иран тараптан бир чек арачы көз жуумп, дагы экөө жаракат алганын РИА Новости Tasnim агенттигине шилтеме берип жазды.
Окуя Ирандын түштүк-чыгышындагы Систан жана Белужистан провинциясындагы Сасули конушунун аймагында болгон. Буга чейин Афганстандын Нимроз провинциясында болгону айтылган.
Агенттиктин маалыматына караганда, каза болгон чек арачы Мохаммад Махди Ахмади Забольский чек ара полкунда кызмат өтөгөн.
Талибан күчтөрү да жоготууларга учураганын, бирок чоо-жайы тууралуу маалымат жок экенин агенттик белгиледи.
*Террордук ишмердүүлүгү үчүн БУУнун санкциясына киргизилген