Кудум Индиядагыдай... Бишкектеги ColorFest фестивалынан өзгөчө сүрөттөр

Бишкекте ColorFest аталышындагы боектордун фестивалы болду. Иш-чара кандай өткөнүн Sputnik Кыргызстан даярдаган сүрөт түрмөктөн көрүңүз.
Sputnik
Холи фестивалы шаардагы парктардын биринде алтынчы ирет өттү. Алгачкы жолу Кыргызстанда 2016-жылы уюштурулган. Катышуучулар бири-бирине ачык боекторду чачышкан жөрөлгө алгач Индияда пайда болгон, бул жазды тосуп алуу менен табиятты ойготуу дегенди билдирет. Катышуучуларга ыр-бий дагы тартууланды.
Уюштуруучулар боектор уулуу эмес экенин, тамак-аш боекторунан жана минералдык кошулмалардан жасаларын белгилешти. Ошол эле учурда териден жана кийимден бат жуулат.
1 / 16

Бишкекте ColorFest аталышындагы боектордун фестивалы өттү

2 / 16

Холи фестивалы шаардагы парктардын биринде алтынчы ирет өттү

3 / 16

Алгачкы жолу Кыргызстанда 2016-жылы уюштурулган

4 / 16

Катышуучулар бири-бирине ачык боекторду чачышкан жөрөлгө алгач Индияда пайда болгон. Бул жазды тосуп алуу менен табиятты ойготуу дегенди билдирет.

5 / 16

Катышуучулар иш-чарадан эстен кеткис эмоцияларды алды

6 / 16

Аларга мындай сүйүнүчтөн сырткары ыр, бий дагы тартууланды

7 / 16

Жылына бир өткөн фестивалга көбүнчө жаштар барат

8 / 16

Бирок апаларга да жакты...

9 / 16

Адатта балдарды дагы көп алып келишет

10 / 16

ColorFest фестивалынын катышуучулары

11 / 16

Уюштуруучулар боектор уулуу эмес экенин белгилешти

12 / 16

Боектор тамак-аш боекторунан жана минералдык кошулмалардан жасалат

13 / 16

Ошол эле учурда териден жана кийимден бат жуулат

14 / 16

Иш-чара чет элдиктерсиз кантип өтсүн

15 / 16

Фестивалдан бирөө дагы "боексуз" кеткен жок

16 / 16

Кыздардын чачтары өзү эле кулпуруп калды

Тема боюнча:
Учуп түшүп, баткакка батканына карабай жарышкандар... Чүйдөгү турнирден ирмемдер