Баткенде күн катуу ысыйбы? Келерки аптага карата аба ырайы

Өрөөндөрдө күн 28-33 градуска чейин ысый турганы божомолдонду.
Sputnik
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Кыргызгидромет Баткенде алдыдагы жумада аба ырайын кандай болорун айтып берди.
Жуманын башында, 29-31-май күндөрү айрым жерлерде жаан жаайт. Ал эми 1-2-июнда күн ачык болот.
3-4-июнда күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Өрөөндөрдө күн 28-33 градуска чейин ысый турганы божомолдонду.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Жалал-Абадда күндүн көзү ачылабы? Бир жумага карата божомол