Афганстанда иран чек арачылары талибдер менен кагылышканы айтылды. Видео

Болжолдуу маалымат боюнча, чыр чек арага чектеш аймакта суу бөлүштүрүүнүн айынан чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Афганистан менен Ирандын чек арасында ирандык чек арачылар менен "Талибан"* күчтөрү кагылышты. Бул тууралуу Tolo News телеканалы жергиликтүүлөргө таянып жазды.
Окуя Нимроз провинциясында болгону айтылат.
Болжолдуу маалымат боюнча, чыр чек арага чектеш аймакта суу бөлүштүрүүнүн айынан чыккан. Каза болгондор бар экени айтылды.
Аймактын коопсуздук кызматтары фактыны тастыктаган дагы, четке каккан дагы жок.
*Террордук ишмердүүлүгү үчүн БУУнун санкциясына киргизилген
Тажик-афган чек арасындагы атышууда Тажикстандын УКМК полковниги курман болду