Жапаров менен ЕАЭБдин лидерлери Москвада эмнени талкуулашты. Сереп

Апта ортосунда Москвада II Евразиялык экономикалык форум өттү. Ага пленардык жыйын жана Жогорку евразиялык экономикалык кеңеш да туш келди. Постсоветтик мамлекеттердин башчылары эмнени талкуулаганы туурасында Sputnik агенттигинин макаласынан окуңуздар.
Sputnik
Өзгөрүүгө өр алган дүйнөдөгү Евразия экономикалык биримдиги
II Евразиялык экономикалык форумду ачып жатып Россия президенти Владимир Путин ЕАЭБдин ролу өсүп, евразиялык интеграциянын ийгиликтүү өнүгүп, чет өлкөлөрдө да биримдикке кызыгуулар күч алганын айтты. Анын баамында бул нерсени форумга катышуучулардын кеңири курамы айгинелеп койду. Атап айтканда, иш-чарага расмий өкүлдөр, ишкерлерден тарта эксперттер менен коомдук уюмдарга чейин катышты.
Россиялык лидер глобалдык аренадагы өзөктүү өзгөрүүлөрдү белгиледи. РФ президентинин айтымында, улуттук суверенитетин чыңдоого, өз алдынча, көз карандысыз ички жана тышкы саясат жүргүзүүгө бет алган, жеке өзүнө таандык өнүгүү үлгүсүн бекем туткан мамлекеттердин саны улам арбып барат. "Алардын баары жаңы, адилеттүү эл аралык экономикалык алакаларды курууну жактап, дүйнөлүк процесстерге конструктивдүү таасир этүүгө, бири-биринин ортосундагы өз ара пайда, сый-урмат жана кызыкчылыктарды эсепке алууга негизделген өнөктөштүк байланыш түйүндөрүн кеңейтүүгө умтулууда", — деп билдирди Владимир Путин.
Ошондой эле россиялык лидер өнүгүүнүн ушундай жолуна "эл аралык баарлашуунун көпчүлүк катышуучулары" шериктеш экенин, Россия жана ЕАЭБ менен ири бирикмелер, атап айтканда, БРИКС (Brazil, Russia, India, China, South Africa), Шанхай кызматташтык уюму, Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин биримдиги, Перси булуңундагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши, Латын Америка жана Африканын көп тараптуу уюмдары менен кызматташуу күч алганын айтты.
Владимир Путин Москва менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты жыйыштырууга көндүрүү, ал тургай шантаж менен мажбурлоого тырышкан Батыштын аракеттерине карабастан ЕАЭБ ичинде соода кыйла ынанымдуу ыргакта баратат (2022-жылга – +14%, $83,3 млрд). Анын пикиринде, ЕАЭБ биримдик гана эмес, бүтүндөй Евразиянын өнүгүшүн көздөгөн демилгелерди колдойт. Атап айтканда, Кытай менен интеграциялык процесстерди жүргүзүү жаатында арыш ташталып, ири евразиялык өнөктөштүктү түзүүнүн масштабдуу демилгеси ишке ашырылууда.
Ал эми жакынкы жана ыраак чет өлкөлөр менен достук байланыштарды кеңейтүү алкагында да ишенимдүү кадамдар жасалган. Соңку жылы Иран, Египет менен эркин соода аймактарын түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жанданып, ушундай эле багытта Бириккен Араб Эмирлиги, Индонезия менен консультациялар башталган. "Кытай, Вьетнам, Сербия жана башка соода өнөктөштөрүбүз менен эл аралык келишимдерди аткаруу алкагында орчундуу талкуулар жүрүүдө", — деп кебин жыйынтыктады россиялык лидер.
Дүйнөлүк экономиканын чордону өнүгүп келе жаткан өлкөлөр тарапка орун которуп жатканын, анткени болочокто "эң оболу дал ошол жакта өнүгүү болорун" билдирди Беларусь президенти Александр Лукашенко. Сөз Азия, Африка, Латын Америкасы жана Жакынкы Чыгыш мамлекеттери туурасында болуп жатат. "Эгер мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып жибербесек эле ЕАЭБ, ШКУ жана БРИКС форматындагы интеграциялык аракеттерди жүргүзүү мамлекеттердин ири коалициясын түптөөгө өбөлгө болот", — деди Александр Лукашенко. Анын пикиринде, ушул тапта БРИКС менен ШКУга бирикмелерге кошулууну каалаган ар кайсы өлкөлөрдөн көп белгилер түшүүдө.
Болгону андай процесстер аткаминерлер тарабынан создуктурулуп келет. "Ал эми бүгүн кадам шилтеп эмес, чуркай турган убак. Эгер бул уюмдар аракетти тезинен баштаган болсо, Бириккен Улуттар Уюмунун саясаты таптакыр башка болмок. Азыр да маалын өткөрүп жиберсек, кайра эч качан кайрый албайбыз. Ошондуктан интеграциялык аракеттерди биргелешип көрүүгө тийишпиз. Россия прогрессивдүү адамзаттын кыялын орундатып, өнүктүрүү, келечекте бириктирүү жаатында ШКУда, БРИКСте да өтө күчтүү кыймылдаткыч боло алат", — деди беларустук президент.
"Жалпысынан ЕАЭБ эл аралык кызматташтыкты өрчүтүүгө, өзүн таанытуу, анан, албетте, эл аралык экономикалык коомчулукта аброюн көтөрүүгө көбүрөөк көңүл бөлүүгө тийиш, – деген оюн ортого салды Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев. – ЕАЭБдин кадыр-баркы бул уюмдагы биргелешкен аракеттерибиздин так жыйынтыктарына негизделиши шарт. Ошондуктан Кытай, Индия, Вьетнам, Иран, Египет, Израиль, Сербия жана башка өнөктөштөр менен жигердүү кызматташуу биримдиктин баралына толуп, соода-экономикалык жагымдуулугу арта түшкөндүгүн айгинелейт".
"Индия, Египет өңдүү артыкчылыктуу жана келечектүү багыттар боюнча ишти, ошондой эле Бириккен Араб Эмирлиги, Индонезия менен соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү биримдикти дүйнөлүк экономикага айкалыштыруу процессине кошумча түрткү берет", — дейт Армениянын премьер-министри Никол Пашинян.

Евразиянын транспорттук керегеси

"Решт-Астар темир жол тилкесин төшөө Балтика жана түндүк деңиздердеги россиялык портторду Перси булуңу жана Индокеанынын боюндагы ирандык портторду байланыштырууга мүмкүндүк берет. Жолдун жаңы бутагын куруу быйыл башталат. Ошол коридор алкагында Азербайжан менен тыгыз өнөктөштүктө арыш ташталган. Үч тараптуу форматта, Азербайжандын катышуусунда тийиштүү документтер даярдалып, тагыраагы, дал "Түндүк – Түштүк" багыты боюнча темир жол инфраструктурасын жана жүк ташуу боюнча кызматташтык жөнүндөгү макулдашууларга кол коюу алдында турабыз", — деди Владимир Путин.
Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, былтыркы окуялар жаңы глобалдык логистиканын негизги элементи катары "Түндүк ‒ Түштүк" эл аралык транспорттук коридорунун маанисин даана көрсөтүп койду.
"Бул меридиандык коридор Транскаспий жол аралык транспорттук маршруту менен макулдашылат. Ошондуктан эки багыттын тең айкалыштырылган жана системалык өнүгүүсүндө кызматташтыкты даана байкайбыз", — дейт Казакстан президенти. Анын көз карашында бул маршруттар эбегейсиз Евразия ичиндеги өз ара аракеттешүү, кооперация деңгээлин түп-тамырынан бери өзгөртө алат. "Жалпысынан азыр биз Евразиянын буга чейин дегеле болбогон жаңы транспорттук кереге түзүп жатканыбызды айтсак жарашат", — деп белгиледи Касым-Жомарт Токаев.
Глобалдык транспорттук-логистикалык тутум түптөөнүн маанилүү экенин Евразия экономикалык комиссиянын төрагасы Михаил Мясникович да кубаттайт. "Биримдикте мүчө мамлекеттердин суверендүү катышуусу менен түзүлгөн бириккен транспорттук системага ээ болушубуз кажет. Мындай жол ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдуктарды жоюуга гана эмес, ШКУга мүчө мамлекеттер менен биргеликте трансконтиненталдык логистикалык ири долбоорду баштоого жол ачат. Ал өз кезегинде "Бир алкак ‒ бир жол" демилгелерин, "Чыгыш ‒ Батыш" жана "Түндүк ‒ Түштүк" транспорттук коридорлорун толуктайт", ‒ деп боолголойт ал.

Жаңы каржылык тутум жана бизнести колдоо

"Эл аралык-каржылык тармагында да кескин өзгөрүүлөр бар, – дейт Владимир Путин. – Биз өз ара эсеп жүргүзүүдө кастарын тиккен өлкөлөрдүн валюталарын кыскартып, дүйнө жүзүндөгү, анын ичинде ЕАЭБдеги өнөктөштөрүбүз менен улуттук валюталарга толук өтүү жаатында жигердүү иштөөгө белсендик".
Россиялык лидер тышкы соода эсептешүүлөрдө улуттук валюталарды пайдаланууга дүйнөнүн ыкчам өнүгүп жаткан башка мамлекеттери да, анын арасында Кытай, Индия, Латын Америка өлкөлөрү да өтүп жатканын айтат. "Мындай жаңы, борборлоштурулбаган дүйнөлүк каржы системасын түзүү боюнча биргеликте аракет этүү маанилүү. Ал борборлоштуруудан канчалык четтетилсе, дүйнөлүк экономика үчүн ошончолук жакшы, себеби алигүнчө дүйнөлүк резервдик валюталар деген артыкчылыкка ээ мамлекеттердеги чоң каатчылык көрүнүштөрдөн көз карандылыгы ошончолук азыраак болот. Бул эсептешүүлөрдүн гана эмес, дүйнөлүк экономикасынын да коопсуздугун арттырып, экономика тармагын саясаттан арылтат", - дейт РФ президенти.
"Мамлекет тарабынан бизнестин кызыкчылыктарын коргоо жана колдоо ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бардыгында артыкчылыкка ээ милдеттерден, – деп билдирди Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. – Ушул багытта биримдикте бизнес акыйкатчы институтун түзүү маселесин иштеп чыгуу керек деп боолголойм. Евразиялык рейтингдик агенттик ишкерлик менен алектенгендер кабылган чектөөлөрдү жоюп, евразиялык чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн каржылык көз карандысыздык деңгээлин жогорулатып, инвестициялык ишмердикти активдештирмек".
Александр Лукашенко өнөр жай жана технологиялык коопсуздукка жетишүү үчүн аракет көрүүгө үндөдү. "Өнөр жай кооперациясы евразиялык бренд алдында импортту алмаштыруучу долбоорлорду түзүүгө мүмкүндүк жаратат. Биримдикке жылына 70 млрд. долларга киргизилген өнөр жай товарларынын төрттөн бир бөлүгүнөн ашыгын улуттук өндүрүшчүлөрдүн өндүрүмдөрү менен алмаштырууга болот", —дейт.
Садыр Жапаров ЕАЭБде бизнес-акыйкатчы институтун түзүүнү сунуштады. Урунттуу учурлар
Владимир Путин "ЕАЭБде өндүрүлгөн" деген марка менен биргелешкен өндүрүштөрдү түптөп, өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле, анын айтымында, "капитал бул өлкөлөр чегинде калгандай" туруктуу насыялык-банк инфраструктурасы керек. Михаил Мясниковичтин көз карашы боюнча өнүгүүнүн орчундуу фактору инвестициялык ишмердик болуп саналат.
"Жалпы биримдик боюнча импорттун ордун алмаштыруу программасынын болгону дурус. Технологиялык суверенитет электроника, станок жасоо, дары-дармек чыгаруу, химиялык жана биологиялык ишканалар, жогорку технологиялар жаатындагы масштабдуу милдеттерди чечет. Ушул багыттарда каржылоо жана шыктандыруучу механизмдердин булагын аныктап алуу абзел. Биздин өлкөлөр тийиштүү компетенцияларга ээлик кылат", — деди ал. Ошону менен бирге эле Михаил Мясникович мамлекет башчыларынан ушул милдеттерди чечүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берүүнү өтүндү.

Мындан аркы өнүктүрүү

Алдыда аткара турган иштер оголе арбын экенин белгилейт Касым-Жомарт Токаев. Кеп эң оболу, анын айтымында, "төрт эркиндиктин" биринчисин (ЕАЭБ алкагында товар, кызмат көрсөтүү, адам жана каржылык капиталынын эркин жылышы - ред.) толук кандуу жүзөгө ашыруу туурасында.
"Бул – бирдиктүү, чындап эч жолтоосуз рынокту түптөп, үчүнчү өлкөлөргө товарларды тоскоолдуксуз транзитти камсыздоо. Менимче, бул максаттарды жүзөгө ашыруу өкмөттөр жана ЕЭК иштеринин негизги багыты болушу ыктымал", — дейт ал.
Казакстандын президенти ЕАЭБге мүчө өлкөлөр бул маселедеги интеграциянын бул баскычында даректүү чечимдерди кабыл алуунун тактикасынан, кырдаалга жараша макулдашуу жана кол менен тескөөдөн четтей турганыбызга ынанарын билдирди.
"Бизге биримдиктин толук кандуу, системалуу иштеген ички рыногу зарыл. Ушундай шартта гана улуттук бизнес жана чет өлкөлүк өнөктөштөр биримдиктин дараметин текшерет", — деп эсептейт Касым-Жомарт Токаев.
"Баарыбыз үчүн артыкчылыктуу милдет – толук кандуу экономикалык биримдикти түзүү, – дейт Александр Лукашенко. – Баары ушул маселедеги жылыштарды айтып жатат, бирок мен мурдагыдай эле эч кандай тоскоолдук, эч кандай чектөөлөр болбошу керек деген ойдомун. Бул – биримдикти түзүүнүн негизги принциби. Биз эң жакынкы убакта максаттарыбызга жетишибиз керек".
Садыр Жапаров ЕАЭБ өлкөлөрү биримдиктин тургундарына жумушка орношуу үчүн керектүү документтерди аралыктан тапшырууга уруксат бергени оң экенин белгиледи.
"Биздин өлкөлөрдүн эмгектенген жарандары биримдикке мүчө мамлекеттердин кайсы территориясында болбосун өзүнүн эмгектенүү укуктарына жетүүгө жеңилдетилген шарттарга ээ болушу керек", – деп эсептейт КР лидери. Өз кезегинде Владимир Путин да "төрт эркиндикке" бешинчисин, атап айтканда, билим алуу эркиндигин кошууну сунуштады. Ал билим берүү, саламаттык сактоо жана мамлекеттик башкаруунун жалпы принцип жана стандарттарынын негизинде жүзөгө ашырылмак. "Бул орток маданий мейкиндикти, жалпы евразиялык идеологияны түзүү жана өнүктүрүүгө өбөлгө болот. Айрыкча, бул жаштар, жаш муун үчүн маанилүү", — деп белгиледи РФ президенти.