БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Киев Берлинден 500 чакырым алыстыкка учуп, Москвага чейин жете турган Taurus ракеталарын берүүнү расмий сурады. Бул тууралуу Frankfurter Allgemeine Zeitung гезити өздүк булактарына таянуу менен жазганын РИА Новости билдирди.
"Президент Владимир Зеленский бул туурасында канцлер Олаф Шольцко майдын башында Берлинге болгон сапарында айткан. Канцлердин өкүлү буга комментарий берген жок, бирок Федералдык коргоо министрлиги Украина Taurus ракеталарын сураганын тастыктады", — деп жазылат макалада.
Гезит аталган ракеталар буга чейин Батыш Киевге берүүнү убадалаган F-16 истребителдер менен бирдей экенин белгилеген. Деген менен Taurus ракетасынын мүнөздөмөсүн жана алыскы аралыкка учуусун эске алганда Берлин эки ача ойдо турат.
"Украина Taurus сыяктуу куралдарды акыл калчап колдоноруна баары эле ишене бербейт. Немецтердин канаттуу ракетасы 500 чакырым аралыкка уча алат. Мындай учурда Украинанын чек арасынан Москвага чейин жетүүгө жөндөмдүү. Андыктан кээ бирлери кырдаал курчуп кетсе Киев көзөмөлсүз согуштук эскалацияга кептеши мүмкүн деп кооптонууда", — деп жазган гезит.
23-майда Германия парламентинин депутаты Родерих Кизеветтер Украинага канаттуу Taurus ракеталарын берүүнү демилгелеп чыккан.