Алдыдагы аптада Таласта күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Жума ичинде күндүн табы 29 градуска дейре көтөрүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптада Талас облусунда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, 28-31-май күндөрү облустун аймагында күн ачык болот.
Ал эми 1-июнда тоолуу райондордо өткүн өтүп, бирок дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. 2-июнда күн ачылат.
3-июнда айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Жума ичинде күндүн табы 29 градуска дейре көтөрүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 28-майда күндүз кээ бир жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Бишкек менен Чүйдө күн катуу ысыйбы? Бир жумага карата аба ырайы