БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Келе жаткан жумада Ош облусунда күн 33 градуска чейин ысыйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттиги билдирди.
Синоптиктердин божомолу боюнча, 28-31-майда, 1-июнда тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтөт.
2-июнда күн ачылып, жаан жаабайт. 3-июнда айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 28-майда күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши ыктымал.