Андан сырткары, өлкөбүздүн жаратылышынын кооздугу, аны башкаларга таанытуу туурасында да кеп козгоду. Төмөндө муфтий Кргановдун Кыргызстан туурасында татар тилинде айтып берген видеосун тартуулайбыз.
Ал Кыргызстан калкы ага жагарын, ал эми кыргыз эли менен руханий жактан жакындыгын белгиледи.
"Мен татар кишиси, мусулман кишиси болгондуктан тилибиз, динибиз - масхабыбыз бир экенин билем. Пайгамбарыбыз, китебибиз, маданиятыбыз бир. Ал тургай музыкаларыбызда окшоштук бар. Биздин калктар — маданияттуу эл. Менин байкаганым, Кыргызстан эли бирдиктүү, башкаларга чын дилден мамиле кылгандар абдан көп", — деди ал.
Муфтий Кыргызстанга келгенде киндик каны тамган татар жергесинде жүргөндөй сезерин да айтып берди.
"Кыргызстанга келсем татар айылдарында, өз жеримде жүргөндөй эле сезем, айырмасы жоктой. Сүйлөшкөнүбүз деле ошондой, менталитетибиз деле бирдей", — деген ал.
Кыргызстандын жаратылышына суктанган Крганов өлкөгө туристтерди көп тартууну, бул жаатта атайын программалар зарылдыгын белгилеген.
Ал эми интервью менен толук жакында тааныша аласыздар.
Тема боюнча: