Санариптик саламаттык сактоону өнүктүрүүнүн максаттуу моделин ишке ашыруунун алкагында "Бейтаптын санариптик амбулатордук картасы" пилоттук режимде ишке кирди. Санарип чечим жыл аягына чейин республика боюнча жайылтылат. Бул тууралуу Калыйнур Райымбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жаӊы санарип чечим медициналык документтерди алмаштырып, кагаз түрүндө жүргүзүүнү жокко чыгарат.
"Бейтаптын санариптик амбулатордук картасы бул бейтаптардын медициналык маалыматтарын сактаган жана башкарган маалымат системасы, медициналык кызматкерлерге онлайн режимде кирүү мүмкүнчүлүгүн берет. Системаны иштеп чыгуунун максаты — бейтаптардын ден соолугу жөнүндө маалыматка ыкчам жана ыңгайлуу жетүүнү камсыз кылуу аркылуу калкка медициналык жардам көрсөтүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле медициналык кызматкерге маалыматты издөөгө жана чогултууга сарпталган бюрократиялык жүктү азайтуу болуп саналат. Система бейтаптардын медициналык тарыхын санариптик жазууну, маалыматтарды борборлоштуруп сактоону, лабораториялык жана диагностикалык системалар менен интеграциялоону, дарыгерлердин кабыл алуу графигин камтыйт. Система медициналык персоналдын ишин жеңилдетүүгө багытталган жана оорунун статистикасын, ресурстарды пландаштыруу үчүн отчётторду жана аналитиканы түзүүгө мүмкүндүк берет", — деди Райымбеков.
Ал система "Санарип MED" санариптик саламаттык сактоону өнүктүрүүнүн максаттуу моделин ишке ашыруунун алкагында иштелип чыкканын кошумчалады.