БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Кыргыз ишкерлери үчүн Кытайдан акысыз кампа берилет. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна болгон иш сапарынын алкагында Кашкар шаарынын айыл чарба, өндүрүш жана соода тармагындагы ишканаларды кыдырган.
"Кашкар Эркин экономикалык аймагынан Кыргызстандын ишкерлери үчүн алты айга акысыз кампа бериле турган болду. Мындай мүмкүнчүлүк кыргыз ишкерлеринин кытай базарына адаптация болгонуна чейин түзүлдү", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Төрөбаев "Дунлу" айыл чарба жана суу менен камсыз кылуу компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышкан. Ал жерде өстүрүлгөн жер-жемиштер жергиликтүү элге жеткирилет жана чет өлкөгө экспорттолот. Аткаминер күнөскана тармагында заманбап технологиянын жардамы менен иш алып барган бул компаниянын адистерин Кыргызстандагы адистерди окутууга жана иш алып барууга чакырды.
Андан ары ал мал чарбачылыгы менен иш алып барган "Наньда" айыл чарба компаниясынын ишмердүүлүгүн көргөн. Тараптар бул жайда ири мүйүздүү бодо мал багылгандыктан Кыргызстандан тоют жеткирүү мүмкүнчүлүгүн карашты. Ошондой эле акылдуу ферма моделин иштетүү боюнча эки тараптуу тажрыйба алмашуу жагы каралган. Компания негизинен сүт азыктарын чыгарат.
Аны менен катар Төрөбаев электрондук коммерцияны өнүктүрүү максатында ачылуу алдында турган "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын кеңсесине барды. Анда Кашкар аркылуу Кытай Эл Республикасы менен түз почта алмашуу жүргүзүлөт. Бул менен кыргыз ишкерлери товарларын Кытайга экспорттоону жакшырта алат.
Мындан сырткары, өкмөт башчынын орун басары Кызыл-Суу кыргыз автономдуу облусуна барып этникалык кыргыздар менен жолуккан.