Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШнын мурдагы мамкатчысы: Украинаны НАТОго кошуу аракети эң чоң ката болгон

Киссинжер Россия Европа менен мамилесин өнүктүрүүгө кызыкдар болгонун белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Генри Киссинжер Украинаны НАТО мүчөлүгүнө киргизүү аракети олуттуу чекилик болгонун жана ал украин жаңжалына кептегенин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Менин оюмча, Украинаны НАТОго кабыл алуу сунушу өтө чоң ката болгон, ошонун айынан согуш чыкты", — деп айткан Киссинжер америкалык Wall Street Journal гезитине берген маегинде.
Ошондой эле ал Россия жүздөгөн жылдар бою Европа менен мамиле түзүүдө кош позицияны карманып келгенин белгилеген. Айтымында, РФ Европа менен мамилесин өнүктүрүүгө кызыкдар болгон, бирок ошол эле учурда алардын кыймыл-аракетинен кооптонуп турган.
АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысынын дагы башка билдирүүлөрү:
Киев Крымды кайтарып алууга аракет кылбашы керек, анткени Украинадан кийин дүйнө үчүн бул анчалык маанилүү эмес;
АКШ өзүн адилеттүү жана тышкы саясатта өзүмчүлдүк максаттарды көздөбөйт деп эсептейт, бирок дүйнөнүн башка өлкөлөрү мындай пикир менен макул эмес;
Учурда Тайвандагы көйгөйдү чечүү жолун табыш кыйын, ошон үчүн азыркы абалды сактап турган дурус.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Боррель Киевге жардам кылган ЕБ өлкөлөрүнө берчү кенемтенин суммасын айтты