Индия маданиятын үйрөнүү боюнча стипендиялык программага каттоо башталды

Стипендиялык программага катышууну каалагандар 31-майга чейин каттоодон өтүшү керек.
Sputnik
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. 2023-2024-окуу жылына карата Индия маданиятын үйрөнүү үчүн Лата Мангешкар атындагы бий жана музыкалык стипендиялык программасына катталуу башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады.
Программага катышууну каалагандар үстүбүздөгү жылдын 31-майына чейин сайтынан каттоодон өтүшү зарыл.
Ошондой эле тапшыруунун жол-жобосу боюнча толук колдонмону, анын ичинде жүктөлө турган документтерди, сертификаттарды жана университеттердин тизмесин бул сайттан алууга болот.
"Тандалган талапкерлерге эки тарапка авиабилет жана курска катышуу үчүн стипендия берилет", — деп билдирди министрлик.
Бишкекте жумушу жок жүргөндөр стипендия төлөнчү курстардан окуй алат. Шарты