ЭВФтин башчысы АКШнын дефолту тууралуу айтып жатып жомокту эске салды

Буга чейин АКШнын Финансы министрлиги дефолттун мөөнөтүн 1-июндан 5-июнга жылдырганы белгилүү болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Эл аралык валюта фондунун башчысы Кристалина Георгиева АКШнын дефолт тууралуу коркунучун айтып жатып Күчала кыз тууралуу жомокту эске салды. Бул туурасында Russia Today жазып чыкты.
Ал дефолт деп жарыялоо коркунучуна байланыштуу АКШ бир нече жолу “жоголуп кетүү чегине” жакындаганын белгилеген. Мындайга жол бербөө үчүн тез арада чечим кабыл алып, маселени создуктурбоо керектигин айткан.
“Баарыбыз Күчала кыз жөнүндөгү жомокту окуганбыз. Ал салтанаттан так түн ортосунда чыгып кетиши керек. Биз дагы ушундай учурга келдик, андыктан биздин араба ашкабакка айланып калгычакты ушул көйгөйдү чечип алсак болот беле? Болбосо бир туфлини гана жоготуу менен чектелбейбиз”, — деди Георгиева.
Буга чейин АКШнын Финансы министрлиги күтүлүп жаткан дефолттун мөөнөтүн 1-июндан 5-июнга жылдырганы белгилүү болгон.
АКШнын мамлекеттик карызы Россияныкынан 107 эсеге көп болууда