Радио

CASA-1000 долбоорунун курулуш иштери жыл аягына чейин бүтөрү айтылды

CASA-1000 долбоорунун келишимдер боюнча адиси Азим Молдокеримов Кыргызстандагы CASA-1000 долбоорунун алкагында электр тирөөчтөрдүн 70 пайыздан ашыгы орнотулуп, зым тартуу иштеринин 30 пайызы бүткөнүн айтты.
Sputnik
CASA-1000 долбоорунун курулушу жакшы темп менен жүрүп жатат. Курулуш иштерин түркиялык "Миташ" компаниясы подрядчы катары аткарып, ушул жылдын жаз мезгилинен тарта миңден ашык түркиялык адисти ишке тартып, мамычаларды орнотуу, зым тартуу кызуу уланууда. Бул тууралуу Азим Молдокеримов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, CASA-1000 долбоорунун курулуш иштери жылдын аягына чейин бүтүп калат.
"CASA-1000 — Кыргызстан, Тажикстан, Афганстан жана Пакистандын энергетикалык системаларын байланыштырган ири долбоор. Учурда мамычаларды орнотуу, зым тартуу иштери кызуу жүрүүдө. Алсак, электр тирөөчтөрдүн 70 пайыздан ашыгы орнотулуп, зым тартуу иштеринин 30 пайызы бүттү. Курулуш иштерин түркиялык "Миташ" компаниясы подрядчы катары аткарып, курулуштун темпи жакшы", — деди Молдокеримов.
Ошондой эле адис Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустары аркылуу өткөн 500 киловольттуу жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларынын узундугу 456 чакырымды түзүп, жалпысынан 1 243 электр тирөөч куруларын кошумчалады.
Белгилей кетсек, CASA-1000 эл аралык стандарттарга ылайык электр энергиясы менен соода жүргүзүү механизмдерин иштеп чыгууга багытталган.
Долбоордун алкагында электр тармактарындагы комплекстер модернизацияланып, жаңы подстанциялар жана жогорку чыңалуудагы электр линиялары курулат. Бул Кыргызстан менен Тажикстанга жайында ашыкча электр энергиясын Пакистан менен Афганстанга экспорттоого мүмкүнчүлүк берет.