Бир апта мурун атамды жерге бердим. Бусурманкулдун жеңиштен кийинки сөзү

Алматыда өткөн "Найза-51" турниринде ал бразилиялык атаандашын жеңди.
Sputnik
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Бусурманкул Абдибаит уулу Казакстандын Алматы шаарында өткөн "Найза-51" турниринде атаандашы бразилиялык Элвис Мартинсти жеңди.
Кыргыз спортчусунун таймаштан кийинки сөзү көпчүлүк күйөрмандарынын көңүлүн бурду.
"Бир апта мурун атамды жерге бердим. Мага мушташка даярдануу абдан оор болду. Таймашка чыгам деп чечтим, анткени бул менин карьерамдагы маанилүү беттештердин бири. Мен жеңишимди атамдын арбагына арнайм. Мени колдогондорго, жанымда болгондордун баарына ыраазымын", — деди спортчу.
Бусурманкул Абдибаит уулу дүйнөлүк деңгээлдеги спортчулардын катарында турат. WEF Global, M-1 Global, Eagle FC уюмдарында беттешип, чемпиондук кур тагынган. Мушкерди күйөрмандары эми UFC уюмунан күтүп келет.
UFCге аракет, жар тандоо, Хабиб менен мамиле. Бусурманкулдун жаңы маеги