Бишкек менен Чүйдө күн катуу ысыйбы? Бир жумага карата аба ырайы

Жуманын ичинде абанын температурасы 30 градуска чейин көтөрүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптада Бишкек шаары жана Чүй облусунда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, борбор калаада жекшембиде күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Ошол бойдон апта аягына чейин күн ачык болот.
Ал эми Чүй облусунда 28-29-майда айрым жерлерде өткүн өтөт, 30-майда жаан-чачын күтүлбөйт.
31-майда жана 1-июнда кайрадан тоолуу райондордо өткүн өтүп, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот.
2-июнда дагы жаан жаабайт, бирок 3-июнда кээ бир жерлерде өткүн өтүшү ыктымал.
Жуманын ичинде абанын температурасы 30 градуска чейин көтөрүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 28-майда айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Шалаакы болбо! ӨКМ сууга чөгүүдөн сактоочу эрежелерди эскертти