БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Бишкек шаарынын мэриясы Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата майрамдык программа даярдаганын билдирди.
Маалыматка ылайык, 31-майда саат 14:00дө Кыргыз улуттук филармониясында "Наристе" фестивалынын салтанаттуу ачылышы болот. Кеңири масштабдагы иш-чарага Россиядан, Казакстандан, Тывадан, Монголиядан, Башкыртстандан, Сахадан жана Индиядан келген өкүлдөр, ошондой эле Кыргызстандын жети облусунан I Бишкек дельфий оюндарынын жеӊүүчүлөрү катышат.
1-июнда саат 10:00дөн 21:30га чейин "Ала-Тоо" аянтында "Биринчи балалык" фестивалы өтөт. Коноктор үчүн фуд-корттор, оюнчук жарманкелери жана оюн-зооктор уюштурулат.
Балдарды жана алардын ата-энелерин этнооюндар, шашки, шахмат жана улуттук оюндар боюнча турнирлер, көркөм сүрөт искусствосу боюнча мастер-класстар, цирк, сүрөт, бий сынактары, ыр сынагы жана жаш сүрөтчүлөрдүн сынагы күтөт.
17:30да борбордук аянтта концерт башталат. Конокторго "Наристе" фестивалынын катышуучулары жана кыргыз эстрада жылдыздары концерт беришет.
Саат 20:00дө балдардын интернет-контентинин сегментинде феноменге айланган D Billions музыкалык тобунун чыгышы белгиленген.
Мындан сырткары, калаанын райондорунда да майрам уюштурулары белгиленди. Анын программасы тууралуу мэриянын сайтында кенен жазылган.