28-майга карата аба ырайы

28-майда түнкүсүн республиканын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Жекшембиде күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +24…+ 29, Талас облусунда +24…+26, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +26…+31, Ысык-Көл, Нарын чөлкөмдөрүндө +15…+20 градусту көрсөтөт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +25…+27, Ош шаарында +29…+31 градуска жетет.
Ысык 33 градуска жетет. Ош облусунда бир жумага аба ырайы