Жалал-Абадда мугалимдердин айлыгынын бир бөлүгүн алып жүргөн директор кармалды

Директор мектептин ашпозчусун жумуштан кетирем деп коркутуп 17 миң сом алгандыгы аныкталган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Жалал-Абад облустук Көркөм сүрөт мектеп-интернатынын директору Ч.Ч.А. кол алдында иштегендерди мажбурлап, айлык акысынын бир бөлүгүн алып турган. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, шектүү быйыл февралда кызматка дайындалган мезгилинен тарта ушундай ишке барып жүргөн.
1 / 2

Жалал-Абад облустук Көркөм сүрөт мектеп-интернатынын директору Ч.Ч.А. кол алдында иштегендерди мажбурлап, айлык акысынын бир бөлүгүн алып турган

2 / 2

Маалыматка караганда, шектүү быйыл февралда кызматка дайындалган мезгилинен тарта ушундай ишке барып жүргөн

"Мугалимдер 20 миң сом айлык алса, анын 5 миң сомун директорго берүүгө мажбур болушкан. Ошондой эле ал мектептин ашпозчусун жумуштан кетирем деп коркутуп 17 миң сом алгандыгы аныкталды", — деп айтылат маалыматта.
Азыркы тапта тергөө иштери жүрүп жатат.
Дары департаментинин директору бир айга тергөө абагына киргизилди