Ташиев бүгүн-эртең Финансы министрлигиндеги чиновниктер кармаларын айтты

Атайын кызматтын башчысы чиновниктерди мурдагыдай кармап, кайра чыгарып койбой катуу чараларды колдонорун эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Жакынкы күндөрү элдин акчасын колуна кармаган аткаминерлерди кармайбыз. Бул туурасында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев "Регион" телеканалына берген маегинде билдирди.
"Кыргызстанда мындан ары бандиттик топтор, каракчылар, шылуундар, элдин канын соргондор, мамлекетти ири суммадагы акчага алдагандар болбош керек. Мындай кылмыштарды кылгандар боюнча каржы, банк тармактарында жана Финансы министрлигинде маселе көп көтөрүлүп жатат. Азыр эле ошол маселе боюнча карап келдим. Биз бүгүн-эртең айтабыз, чоң чиновниктерди кармайбыз. Финансы тармагын тейлеген, элдин акчасын колуна кармаган, бирок туура эмес пайдалангандардын баарын кармайбыз, катаал жаза колдонобуз", — деди Ташиев.
Ошондой эле ал коррупция менен күрөшүүнүн экинчи этабында мурдагыдай кармап, кайра чыгарбай турганын, эми катуу чараларды колдонорун эскертти.
Ташиев "убактым аз калды" деп эмнеге айтканын түшүндүрдү. Видео