12.8 млрд. сомдук карыз. Сот аткаруучулар бир жылда 3%ын гана өндүрүп бере алды

Былтыр аталган Сот департаментине 344 622 аткаруу барагы түшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Сот аткаруучулар 2022-жылы талап коюлган каражаттын 3 пайызын гана өндүрүп берген. Бул тууралуу Сот департаментинин директору Медербек Сатыев парламентте билдирди.
Анын айтымында, былтыр аталган департаментке 344 622 аткаруу барагы түшкөн. Анда жазылган сумма 12,8 миллиард сомду түзгөн, жыл ичинде анын 390 миллион сому өндүрүлгөн.
Ал эми быйылкы жылдын биринчи кварталында 215 948 аткаруу барагы берилип, өндүрүлө турган сумма 807 миллион сом болгон.
Депутат Эмилбек Жамгырчиев мамлекетке каражатты көбүрөөк жыйноо үчүн Сот департаментине аутсорсинг компанияларды жалдоону сунуштады. Ал үчүн алар өндүргөн суммасынан үлүш ала тургандай болушу шарт.
Сот аткаруучулар алимент, "Коопсуз шаардын" камераларына тартылган айып пулдар жана башка төлөмдөр боюнча соттун чечими менен төлөөгө милдеттендирилген сумманы өндүрүү менен алектенет.
Мамлекетке карызы барларга аэропорттон эле төлөп чет өлкөгө кетүүгө шарт түзүлөт