Президент мектептерде акча чогултууга тыюу салган жарлыкка кол койду

Бул жарлык мектеп директорлорунун "Меценаттык жана соопчулук иши жөнүндө" жана "Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө" мыйзамдын алкагында инвестиция тартуусуна жайылтылбайт.
Sputnik
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Кыргызстандын мектептеринде мыйзамсыз акча каражатын чогултууга жана алардын алдында коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров койду.
Ага ылайык, 1-класстан 11-класска чейинки мектептерде төмөнкүлөргө тыюу салынат:
мыйзамсыз акча чогултууга;
мектептердин алдында коомдук фонддорду түзүүгө;
мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарына оңдоп-түзөөгө, кайтарууга жана зарыл болгон тиричилик предметтерин сатып алууга акча каражаты милдеттүү түрдө Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинен бөлүнөт деп белгиленсин.
Бул жарлык мектеп директорлорунун "Меценаттык жана соопчулук иши жөнүндө" жана "Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө" мыйзамдын алкагында инвестиция тартуусуна жайылтылбайт.
Садыр Жапаров Бишкектеги заводдун иштебей турган цехтерин көрүп чыкты. Сүрөт