Россиядан ландшафт дизайнерлердин тобу келип, өлкөдөгү уникалдуу өсүмдүктөрдү көрүүнү максат кылууда. Бул тууралуу Гамал Сооронкулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, экспедиция үчүн атайын 11 күндүк маршрут түзүлгөн.
"Беке-Чал деген жерде жаңгак токою, уникалдуу "узун акмат" деп аталган жапайы жүзүм, курма, анжир жана башка өсүмдүктөр кездешет. Башкача айтканда, өлкөнүн биотүрдүүлүгү бай. Ошолорду соцтармактан көргөн россиялык ландшафт дизайнерлер өлкөгө 11 күнгө экспедиция менен келгени турат. Алар өлкөдөгү экосистеманы, өсүмдүктөрдү тартып алууну мерчемдөөдө. Бул адистер үчүн атайын маршрут түзүлүп, республиканын аймагындагы кызыктуу жерлер көрсөтүлөт. Мына ушундай өлкөнүн өсүмдүк байлыгына тыштагы адистер кызыгууда. Ал эми биз ошонун кадырын билбей кендерди чалгындоого лицензия берип коюп жатабыз", — деди Сооронкулов.
Ошондой эле ал экспедиция аркылуу өлкөдөгү биотүрдүүлүктү жарнамалоо максатталып жатканын кошумчалады.