Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Медведев Украинадагы чатак ондогон жылдарга созулушу ыктымалдыгын айтты

Медведев атайын операция бүткөндөн кийин Украинанын жок болуп кетиши мүмкүндүгүн белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Украинадагы чатак узак эле убакытка, балким, ондогон жылдарга уланып кетиши мүмкүн, аталган өлкөнүн азыркы режиминде баары кайталанып жаткандыктан Киевдеги нацисттик бийликтин табиятын жоюш керек. Бул туурасында Россиянын Коопсуздук Кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев айтканын РИА Новости жазды.
"Бул чатак узакка жүрөт. Кыязы, ондогон жылдарга барат. Бул — жаңы реалдуулук, жашоонун жаңы шарттары. Ал жакта ушундай бийлик турганда.., мындайча айтканда, эки жыл жарашуу жүрсө, чатак үч жылга созулат, анан кайра баары кайталанат. Андыктан Киевдеги нацисттик бийликтин табиятын жок кылыш керек", — деген Медведев Вьетнамдагы сапар учурунда журналисттин суроосуна жооп берип жатып.
Буга чейин Медведев өзүнүн Telegram каналына атайын операция бүткөндөн кийин Россия менен Евробиримдиктин бир катар мамлекеттеринин бөлүшүү процессинде Украинанын жок болуп кетүү ыктымалдыгын белгилеген.
Киев жеңилгенден кийин Украина атынын өчүшү эки жол менен болорун четке каккан эмес. Медведевдин пикиринде, же Украинанын мамлекеттүүлүгү дат жеген сымал акырындап жок болот, же дароо коллапска кабылат. Россияга "Украинанын борбордук жана кароосуз калган облустарынын" эли РФтин курамына кирип, ал эми чатак "кайра кайталанбайт" деген кепилдик менен аяктаган сценарий керектигин белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШда Зеленскийдин капитуляциясынын мөөнөтү айтылды