БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Бишкектеги Чүй проспекти иретке келтирилип, кеңейтиле тургандыгын мэриядан маалымдашты.
Билдирүүдө айтылгандай, шаардык Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти Чүй проспектинин Курманжан Датка көчөсү менен кесилишинде автотранспорттун кыймылын тартипке келтирүү схемасын иштеп чыккан.
29-майдан баштап "Бишкекасфальтсервис" төмөнкү иштерди баштайт:
Чүй проспекти боюнча (түндүк-чыгыш тарабы) жол белгилерин реконструкциялоо менен жолдун бөлүүчү газон тилкесин кичирейтүү жолу менен жолдун жүрүүчү бөлүгүн кеңейтүү;
аялдаманы жылдыруу, жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн кошумча тилке уюштуруу жана жол белгилерин кайра орнотуу. Чүй проспектинин ылдый жагын — Курманжан Датка көчөсүнүн унаа жүрүүчү бөлүгүн (түндүк-чыгыш тарабы) кеңейтүү;
жол белгилерин жана жол чырак объектисинин кошумча бөлүгүн орнотуу менен Чүй проспекти боюнча (түштүк-батыш тарабынан) түштүк тарапка жол ачуу.