Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Донецк: журналисттер иштеп жатканда аткылоо кайрадан кайталанды. Видео

Мэр Кулемзин 37 жаштагы аял каза болгондугун билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Украинанын куралдуу күчтөрү Донецкини аткылап, снаряддар Илим-изилдөө институтунун имаратына тийген. Бул туурасында РИА Новости шаар мэри Алексей Кулемзинге таянып маалымдады.
"Алдын ала берилген маалыматтарда Калинин районун аткылоонун кесепетинен Покров базары тараптагы Илим-изилдөө институту жабыркап, бир адам каза тапты", — деп билдирген Кулемзин.
Бир аз убакыт өткөндөн кийин мэр каза болгон адам 37 жаштагы аял экендигин кабарлаган.
Дал ушул эле аймакты украиналык куралдуу күчтөр кайрадан аткылоого алган. Артиллерия талкаланган имараттын жанында журналисттер сюжет тартып жатканда аткылаган.
Буга чейинки маалыматтарда украиналык аскерлер Донецкинин Калинин районуна алты ракета "жибергени" айтылган эле.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Донецк: украиналык аскерлер аткылап, Рогозин жаракат алгандан кийинки видео