Дары департаментинин директору бир айга тергөө абагына киргизилди

Сот чечимди тергөөчүнүн берген сунуштамасынын негизинде кабыл алган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Дары-дармек жана медициналык каражаттар департаментинин кармалган директору А.А.И. 23-июнга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына киргизилди. Бул туурасында Биринчи май райондук сотунан кабарлашты.
Мындай чечимди сот тергөөчүнүн берген сунуштамасынын негизинде кабыл алган.
Эске салсак, аталган департаментти Абалиева Айнура 2022-жылдын ноябрынан бери жетектеп келет.
УКМК ал туруктуу коррупциялык схема түзүшү мүмкүн деген маалымат тараткан. Алар дары-дармекти каттоо жана сертификат берүү процедурасын тездетип беришкенин жазган.
Элдин ден соолугу менен ойношкон. Дары департаментинин кызматкерлери кармалды