Радио

Бишкекте жаңы имараттардын сейсмотуруктуулугу текшериле баштады

Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо институтунун директору Камчыбек Кенжетаев имараттардын сейсмикалык туруктуулугун текшерген ведомство аралык комиссия үч объектини текшерип бүткөнүн айтты.
Sputnik
Аталган комиссия үч айда борбор калаадагы курулуп жаткан жана жаңы салынып бүткөн имараттардын зилзалага туруктуулугун текшерет. Анын курамына 15 адам кирген. Бул тууралуу Камчыбек Кенжетаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Адистин айтымында, комиссия учурда борбор калаадагы Ысык-Ата тектоникалык жаракасына жакын жайгашкан үч объектини текшерип бүттү.
"Ведомство аралык комиссияга үч айлык мөөнөт берилген. Биз бул аралыкта жаңы курулуп жаткан жана курулган имараттардын зилзалага туруктуулугун текшерип чыгышыбыз керек. Бизде жер титирөөгө туруктуу курулуш деген атайын документ бар. Ал 2009-жылы чыккан. 2018-жылы андагы айрым нормалар өзгөргөн. Бул — курулуш материалдарынын, технологияларынын, техникаларынын жана жер кыртышынын өзгөрүшүнө байланыштуу маал-маалы менен алымча-кошумча киргизилип туруучу документ. Мына ушунун негизинде биз текшерүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Текшерүүгө 2009-жылдан кийин курулган имараттар кирет. Жогоруда аталган документке ылайык, борбор калаада 16 кабатка чейин курулуш жүргүзүүгө уруксат берилген. Ал эми андан бийик имарат салынса кошумча коопсуздук чаралары көрүлүшү керек", — деди Кенжетаев.
Ал текшерүүдөн өткөн имараттар ошол конструкцияда курууга болот же болбойт деген гана бүтүмдү берерин, имараттар сыртынан окшош болгону менен куруу конструкциясы, жайгашкан жери башка болуп калышы ыктымалдыгын кошумчалады.