27-майга карата аба ырайы

27-майга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Ишембиде күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +23...+28, Таласта +22...+27, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +26...+31, Ысык-Көл аймагында +16...+21, Нарын жергесинде +15...+20 градус жылуу болот.
Борбор калаада +25...+27 градус жылуу болсо, Ош шаарында +29...+31 градуска жетери айтылды.
Радио
Бишкекте жаңы имараттардын сейсмотуруктуулугу текшериле баштады