Бишкекте жумушу жок жүргөндөр стипендия төлөнчү курстардан окуй алат. Шарты

Курска жазылуу үчүн көп документтин кереги жок. Бардыгы болуп 60 адистик каралган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Бишкектеги Иш менен камсыз болууга көмөктөшүү башкармалыгы жумушсуздарды акысыз курстардан окууга чакырат.
Бардыгы болуп 60 адистик боюнча билим алууга болот. Негизгилери төмөнкүдөй:
IT-технология;
тикмечи, бычмачы;
чачтарач, укалоочу, маникюр чебери, лешмейкер;
тил курстары:
бухгалтердик эсеп (МСФО) + 1С программа: бухгалтерия;
айдоочулар;
куруучулар.
Окуу мезгилинде стипендия төлөнөрү айтылды.
Курска жазылуу үчүн паспорт, эмгек китепчеси жана билими тууралуу документ керек.
Кененирээк маалыматты райондук иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмдөрүнөн алууга мүмкүн:
Ленин жана Биринчи май райондук бөлүмдөрү: Бөкөнбаев көчөсү, 99, Тыныстанов көчөсү менен кесилишет, тел.: (0312) 30-36-86, 30-37-44;
Октябрь жана Свердлов райондук бөлүмдөрү: Токтогул көчөсү, 43, Гоголь көчөсү менен кесилишет тел.: (0312) 43-47-65.
Улуттук аккредитациялык кеңештин мүчөлүгүнө ачык конкурс жарыяланды