Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украинанын чалгын кызматы башкы бута Путин экенин айтты

Скибицкий бардык чечимдерди кабыл алгандыктан Путин украиналык чалгынчылардын тизмесинин башында тургандыгын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Украинанын Коргоо министрлигинин чалгын башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Вадим Скибицкий Welt басылмасына маек берип жатып, ведомствонун бутага алынгандар боюнча тизмесинин башында Владимир Путин турганын айткан.
"Биздин башкы максат — адамдарга чабуул коюуга өзүнүн адамдарына буйрук берген бөлүмдүн жетекчилигин жок кылуу", — деген Скибицкий.
Бул тизменин башында ким турат деген суроого Скибицкий Россиянын президенти экенин айтып, ал "болуп жаткандардын баарын жөндөйт, чечимдерди кабыл алат" деген.
Эске салсак, мурдараак Украинанын Коргоо министрлигинин чалгын башкармалыгынын жетекчиси Кирилл Буданов Yahoo News ресурсуна маек берип, "орустарды буга чейин өлтүрүп келгендигин жана Украина толук жеңмейин жердин кайсы бурчу болбосун аларды өлтүрүүнү уланта беришерин" жар салган. Анда Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков мындай билдирүүлөр Владимир Путиндин атайын операцияны баштоо чечими туура экендигин бекемдеп турганын айткан.
"Биз мындай билдирүүлөрдү чечкиндүү түрдө айыптайбыз. Бардык тиешелүү аракеттерди көрө турган атайын кызматтар бар. Мындан эч ким күмөн санабаса болот", — деген Песков.
Мындан тышкары, Москва Европанын, өзгөчө Вашингтондун бул билдирүүгө карата реакциясына дыкат көңүл бура тургандыгын белгилеген.
"Киевдин мындай террордук билдирүүлөрү айыпсыз калышын элестетүү өтө кыйын", — деген маалымат катчы.
Эске салсак, 2023-жылдын 3-майында Киев режими пилотсуз учууxу аппараттар менен Путиндин резиденциясына кол салган. Ал мезгилдери мамлекеттин башчысы Кремлде болгон эмес. Песковдун айтымында, бул теракт жасоо аракети, мунусу менен Украина өзүн террорчулукка демөөрчү болгон өлкөлөрдүн катарына койду.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Мамдуманын спикери Кремлге кол салуу тууралуу пикирин айтты