"Батуми" ресторанын сүрдүрүүдөн чыккан чуу: жерине Ташиев барды

Ташиев тамактануучу жайды бузуу мыйзамсыз болсо күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну тапшырды.
Sputnik
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Бишкектеги “Батуми” кафесинин бузулушуна байланыштуу жаңжал күчөп жатат.
Адвокат Кайсын Абакиров кафе ээлеринин бардык уруксат кагаздары болгонун, ал соттун чечими жок экенине карабастан бузулганын билдирди. Жактоочу Бишкектин вице-мэри Нурдан Орунтаев кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чапканын кошумчалады.
Андыктан Орунтаевди кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, башка бирөөнүн өзгөчө ири өлчөмдөгү мүлкүн атайылап жок кылуу боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча укук коргоо органдарына арыз жазылганы айтылды.
Кафени бузууда 9 миллион сомго жакын зыян келтирилип, 50 адам жумушсуз калган.
1 / 3

Бишкектеги “Батуми” кафесинин бузулушуна байланыштуу жаңжал күчөп жатат

2 / 3

Адвокат Кайсын Абакиров кафе ээлеринин бардык уруксат кагаздары болгонун, ал соттун чечими жок экенине карабастан бузулганын билдирди

3 / 3

Жактоочу Бишкектин вице-мэри Нурдан Орунтаев кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чапканын кошумчалады

Адвокат Орунтаев президенттин уулунун атын жамынып жатканын айтса, вице-мэр “Батумини” анын ээсинин мурун милицияда иштеген баласы "коргоп" жатканын айткан.
Бүгүн УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ал жакка барган. “Батуми” кафесинин ээси Кадича Бечелова аларга расмий эскертүү берилбегенин, буздуруу боюнча сот чечими жоктугун айткан.
“Ташиев тийиштүү мекемелердин кызматкерлерине аталган иштин чоо-жайын толук аныктап, мыйзам чегинде кайрадан карап чыгууну, эгерде бузуу мыйзамсыз болсо күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну тапшырды”, — деп билдирди комитет.
Мындан тышкары, төрага кандай гана жагдай болбосун өзгөчө жөнөкөй жарандар мыйзамсыз жабыркап калбашы керектигин эскерткен.
Депутат: инвестор Бишкекке чоң бейтапкана курам десе мэрия жер бербей жатат