Саясий ишмер Турдакун Усубалиев тууралуу жаңы китеп жарык көрдү

Китептин бет ачар аземи Нарында уюштурулуп, автордун жана Нарын шаарынын коомчулугунун катышуусунда өттү.
Sputnik
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Кыргызстанды чейрек кылым башкарган көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер, Кыргызстандын Баатыры Турдакун Усубалиевдин өмүр баяны, мамлекеттик ишмердиги камтылган китептин бет ачары болду.
Белгилүү болгондой, бул эмгек өлкөнүн легендарлуу парламентинин депутаты, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бактыбек Максутовдун калемине таандык.
1 / 3

Кыргызстанды чейрек кылым башкарган көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер, Кыргызстандын Баатыры Турдакун Усубалиевдин өмүр баяны, мамлекеттик ишмердиги камтылган китептин бет ачары болду

2 / 3

Белгилүү болгондой, жаңы басылма өлкөнүн легендарлуу парламентинин депутаты, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бактыбек Максутовдун калемине таандык

3 / 3

Китептин бет ачар аземи президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулуп, автордун жана Нарын шаарынын коомчулугунун катышуусунда өткөрүлдү

Китептин бет ачар аземи президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулуп, автордун жана Нарын шаарынын коомчулугунун катышуусунда өткөрүлдү.
Китептин автору Бактыбек Максүтов өзүнүн эмгегинде Турдакун Усубалиевдин өмүр таржымалы менен бирге 1960-1970-жылдардагы Кыргызстандын тарыхы, саясий турмушу, экономикасы, маданияты, ал кездеги Усубалиевдин замандаштары, үзөңгүлөштөрү тууралуу да маалыматтар камтылганын белгиледи.
Нарындын башчысынын орун басары рангындагы аппарат жетекчи Жылдызбек Беккелдиев облус жетекчиси Алтынбек Эргешовдун демилгеси жана буйругу менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн Турдакун Усубалиев атындагы сыйлык уюштурулганын маалымдады. Китептин авторуна Алтынбек Эргешовдун ыраазычылык катын тапшырды.
Автор Конурбаева атындагы Нарын шаардык китепканасына жаңы китептин 17 даанасын белек кылды.
Кемчилик кетсе Усубалиевден таяк жечүбүз. Экс-министр Орозалиев менен видеомаек