Путин ЕАЭБдин аймагында эркин кыймылды камсыздоого чакырды

Sputnik
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. ЕАЭБдин аймагында эркин кыймылды камсыздоо зарыл. Жарандар Биримдиктеги мамлекетке келгенде өзүн үйүндө жүргөндөй сезиши керек. Бул тууралуу Владимир Путин Жогорку евразиялык экономикалык кеңешинин кеңейтилген курамдагы жыйынында билдирди.
"Биз биримдиктин алкагында өнүгүүнүн бирдей жогорку деңгээлине жетүүгө аракет жасайбыз... Беш мамлекеттин жарандары биримдикке мүчө мамлекетке окуганы, иштегени же бизнес жасаганы келсе өзүн үйүндө жүргөндөй сезиши керек", — деди Путин.
Анын айтымында, буга жетиш үчүн ЕАЭБдин аймагында реалдуу, 100 пайыздык эркин кыймылды камсыздоо зарыл.
Путин: Россия ЕАЭБ өлкөлөрү менен тыгыз өнөктөштүктү жогору баалайт