БИШКЕК, 25-май — Sputnik. РФ лидери Владимир Путин Россия Евразиялык экономикалык биримдиктин бардык өлкөлөрү менен тыгыз өнөктөштүктү жогору бааларын айтты.
Москвада ЕАЭБ мамлекеттеринин жетекчилеринин саммити өтүп жатат. Учурда жетекчилер тар чөйрөдө жолугуп, андан соң отурумду кеңири форматта улантат.
Россия лидери өнөктөштүк бири-бирин өз ара урматтоонун негизинде, өз ара пайда келтирүүнүн жана бири-биринин кызыкчылыктарын эске алуунун негизинде болорун белгилеген.
"Биз ишти баштадык, өлкөлөрдөгү экономикалык кырдаалды бир топ эле жигердүү талкуулап, кызматташуу кандай өңүттө жүрүп жатканын анализдедик. Өндүрүштүн конкреттүү бир катар тармактары тууралуу сүйлөштүк. Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагындагы кызматташуу чындыгында эле ийгиликтүү болуп жатат", — деген Путин тар чөйрөдөгү отурумдун башталышында сүйлөп жатып.
Ал кеңири форматтагы жыйынга Өзбекстандын, Азербайжандын, Тажикстандын президенттери Шавкат Мирзиёев, Илхам Алиев жана Эмомали Рахмон катышарын айтып, бул өлкөлөр ЕАЭБге мүчө эместигин белгиледи.
"Делегациянын катышуусунда өз ара интеграция боюнча конкреттүү суроолорду комплекстүү түрдө талкуулайбыз. Ал энергетикалык, азык-түлүк коопсуздугу, технологиялык жана финансылык көз карандысыздык, регуляциялык жана соода тоскоолдуктарын жоюу, транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү жаатында болот", — деген Путин.