БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Владимир Путин Москвада өткөн Жогорку евразиялык экономикалык кеңешинин жыйынына катышты.
Sputnik Кыргызстан Россия президентинин айткандарынын урунттуу учурларын тизмектеди:
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтык ийгиликтүү болууда;
Жылдын аягына чейин алгылыктуу жыйынтыкка жетүү үчүн ЕАЭБ аркылуу ишти тездетүү зарыл;
ЕАЭБ аймагында эркин жүрүүнү камсыз кылуу шарт;
ЕЭК өзгөрүүлөргө ыкчам жооп бериши керек, бул үчүн кошумча ыйгарым укуктарды берүү зарыл;
ЕАЭБ лидерлери экологиялык клуб түзүшү керек;
Капитал биздин өлкөлөрдүн чек араларында калышы үчүн адекваттуу баалоо куралы керек. Евразиялык рейтинг агенттигин түзгөн оң;
ЕАЭБде технологиялык альянстарды түзүү зарыл;
“ЕврАзЭСте жасалган” бренди менен өндүрүштүн санын көбөйтүү керек;
ЕАЭБге бешинчи эркиндикти — билим эркиндигин кошуу керек. Бул жалпы евразиялык идеологияны түзүүгө өбөлгө болмок. Техникалык жана башка дисциплиналар боюнча бирдиктүү окуу китептерин түзүү зарыл;
ЕАЭБде бирдиктүү санариптик экосистеманы түзүү зарыл;
Эркин соода аймактарын түзүүнү улантуу маанилүү.
Мындан сырткары Путин кеңири форматтагы жыйынга ЕАЭБге мүчө боло элек үч мамлекеттин — Өзбекстандын, Азербайжандын, Тажикстандын президенттери Шавкат Мирзиёевдин, Илхам Алиевдин жана Эмомали Рахмондун катышып жатканына ыраазылыгын айтты. Эске салсак, Алиев отурумга келип, ал эми берки эки президент онлайн катышты.