Ата-эне баладан дайыма эле көптү үмүт эте берсе, чүрпөсү стресске кабылышы ыктымал. Мындай пикирин Айдана Мадишова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, эркиндикти көп чектебеген ата-энелердин балдары көбүрөөк ийгилик жаратат.
"Сынак тапшырууда жана кесип тандоодо абитуриенттин психологиялык абалынын бир калыпта болгону маанилүү. Анкени бала өтө толкунданып кеткен кезде билген нерсесин да жаза албай же айтып бере албай калышы мүмкүн. Бул жерде айланасындагы күтүүлөр да абдан чоң таасир берет. "Балам жогорку упай алып, мыкты жерде билим алышы керек" деп ата-эне баладан көптү талап кылганда ал стресске кабылат. Тескерисинче, "окууга өтсөң өттүң, болбосо иштей бересиң" деп эркиндик берсе, балдары көбүрөөк ийгилик жаратат. Себеби бала өзүн канчалык тынч сезсе, ошончолук көбүрөөк бийиктиктерге жете алат. Андыктан мейли экзамен тапшырган учуру болсун, же кесип тандасын, ушул сыяктуу турмуштун бала үчүн маанилүү кездеринде ата-эне аны кандай болгон күндө да колдой турганын, кабыл аларын сездирип турушу зарыл", — деди психолог.
Ал ошондой эле кесип тандоодо баланын каалоолору өзөк болушу керектигин кошумчалады.