БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Ош шаарында Ахматбек Сүйүмбаев атындагы борбордук стадионду капиталдык оңдоп-түзөө иштери башталды. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, стадиондогу 12 500 көрүүчүгө ылайыкташкан отургучтардын баары толугу менен алмаштырылып, административдик имаратынын сырты жаңыланат. Футболчулар үчүн кийим алмаштыруучу жана сууга чайынган бөлмөлөрү толук оңдолот.
Бүгүнкү күндө жеринде курулуш-монтаждоо иштери жүрүп жатат.
Калаа башчысы Бакытбек Жетигенов стадион үлгүлүү спорттук жайга айланышы керектигин баса белгилеп, жумушту сапаттуу бүткөрүүгө тапшырма берген.
Оңдоо иштерин 31-август — Эгемендүүлүк күнүнө карата аягына чыгаруу пландалган.