Радио

Профессор: өлкө боюнча 6 миллион адамга COVID жукту

Коомдук саламаттык сактоо улуттук институтуна караштуу вирустарды көзөмөлдөө боюнча илимий-практикалык борбордун жетекчиси, медицина илимдеринин доктору, профессор Зуридин Нурматов коронавирустан соң калктын иммунитети алсырап калганын айтты.
Sputnik
2021-жылы башка жылдарга салыштырмалуу каза болгондордун саны 5-6 миң адамга көп болду. Бул тууралуу Зуридин Нурматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө 6 миллиондон ашык адам коронавирус жуктурган.
"Расмий маалыматтарга таянсак, дүйнө жүзү боюнча коронавирустан 6 миллиондон ашуун адам каза тапты. Ал эми Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси бул пандемия 9 миллиондон 21 миллионго чейинки адамдын өмүрүн алышы мүмкүндүгүн жарыялады. Бул сандар көп угулганы менен аны түшүндүрүүгө болот. Анткени вирус жугуп, андан айыккан соң деле башка өнөкөт оорусу бар адамдар көз жумган учурлар арбын. Ага коронавирус себепкер болууда. Биздин Кыргызстанда деле 2021-жылы башка учурларга салыштырмалуу өлүмдүн саны 5-6 миңге көп болгон. Бардык эле жугуштуу оорулар адамдын организмин алсыратып коет. Анын кесепетинен мындай пандемиядан соң каза болгондордун санынын өсүшү табигый көрүнүш. Бул — акырындап, 2-3 жылга барып калыбына келе турган процесс", — деди Нурматов.
Ал калктын коронавируска иммунитети пайда болуп калгандыктан мындан ары оорунун жугуу жана өрчүү темпи азаярын кошумчалады.