КМШнын илим жана маданият өкүлдөрү Бишкектеги конференцияга катышып жатат

Иш алты секция боюнча жүрөт.
Sputnik
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Бишкекте "Эс тутум институту, китеп жана маалыматтык коомчулукта окуу" аттуу III эл аралык конференция өтүп жатат.
Иш-чара 25-27-май аралыгында президенттин "Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарын изилдөө жана жайылтуу жөнүндөгү" жарлыгынын алкагында Тарых музейинде өтүүдө.
Конференцияга КМШдагы сегиз мамлекеттин алдыңкы музейлеринин жетекчилери, окумуштуулар, расмий органдардын өкүлдөрү, Кыргызстандын жети облусундагы музей адистери, маданият мекемелеринин 150дөн ашык кызматкери, илимдин белгилүү ишмерлери, Бишкекте аккредитацияланган элчиликтердин жетекчилери, эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.
1 / 9

Бишкекте "Эс тутум институту, китеп жана маалыматтык коомчулукта окуу" аттуу III эл аралык конференция өтүп жатат

2 / 9

Иш-чара 25-27-май аралыгында президенттин "Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарын изилдөө жана жайылтуу жөнүндөгү" жарлыгынын алкагында Тарых музейинде өтүүдө

3 / 9

Конференцияга КМШдагы сегиз мамлекеттин алдыңкы музейлеринин жетекчилери, окумуштуулар, расмий органдардын өкүлдөрү, Кыргызстандын жети облусундагы музей адистери, маданият мекемелеринин 150дөн ашык кызматкери, илимдин белгилүү ишмерлери, Бишкекте аккредитацияланган элчиликтердин жетекчилери, эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты

4 / 9

Иш-чарада Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын, Азербайжандын, Беларустун, Армениянын жана Россиянын белгилүү окумуштууларынын, музейлер менен маданият мекемелеринин жетекчилеринин сөз сүйлөшү күтүлүүдө

5 / 9

КМШ мамлекеттеринен келген илимдин, маданияттын, адабияттын көрүнүктүү ишмерлери санарип электрондук технологиялардын колдонулушунун оң-терс жактары, тарыхый мурас тууралуу өз изилдөөлөрү менен бөлүшөт

6 / 9

Жыйындын алкагында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата "Музей ишмердүүлүгү жана маданий баалуулуктарды коргоо" аттуу тегерек стол уюштурулат. Анда музей ишмердүүлүгү талкууланмакчы

7 / 9

Иш-чаранын жыйынтыгында резолюция кабыл алынып, конференциянын материалдарынын электрондук жыйнагы жарыяланат

8 / 9

Меморандумга кол коюу учурунда Улуттук тарых музейинин директору Жылдыз Бакашова менен Өзбекстандын өкүлү

9 / 9

Меморандумга кол коюу учурунда Улуттук тарых музейинин директору Жылдыз Бакашова менен Армениянын өкүлү

Иш-чарада Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын, Азербайжандын, Беларустун, Армениянын жана Россиянын белгилүү окумуштууларынын, музейлер менен маданият мекемелеринин жетекчилеринин сөз сүйлөшү күтүлүүдө.
КМШ мамлекеттеринен келген илимдин, маданияттын, адабияттын көрүнүктүү ишмерлери санарип электрондук технологиялардын колдонулушунун оң-терс жактары, тарыхый мурас тууралуу өз изилдөөлөрү менен бөлүшөт.
Иш алты секция боюнча жүрөт:
Тарыхый жана маданий мурастарды санарип дооруна жайылтуу: КМШ мамлекеттеринин тажрыйбасы;
Китепканалар жана санарип доордо китеп окууну колдоо;
Китеп окуу жана санарип доордо билим алуу;
Заманбап санарип коомчулуктагы эс тутум институту: ыкмалар жана практика;
Маалыматтык коомчулуктагы адабий жана маданий мурас;
Китеп окууну балдар жана жаштар арасында жайылтуу: актуалдуу көйгөйлөр менен заманбап иш ыкмалары.
Жыйындын алкагында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата "Музей ишмердүүлүгү жана маданий баалуулуктарды коргоо" аттуу тегерек стол уюштурулат. Анда музей ишмердүүлүгү талкууланмакчы.
Улуттук тарых музейи менен кызматташуу боюнча меморандумдарга кол коюу күтүлүүдө:
Азербайжандын Улуттук тарых музейи менен;
Армениянын Тарых музейи менен;
Беларустун Улуттук тарых музейи менен;
Казакстандын Улуттук музейи менен;
Өзбекстандын Мамлекеттик тарых музейи менен;
Россиянын Третьяков галереясы менен;
Алтайдагы А. В. Анохин атындагы улуттук музей менен;
Россиянын Москвадагы Мамлекеттик тарых музейи менен;
Заманбап Россиянын Мамлекеттик борбордук музейи менен;
Татарстандын Улуттук музейи менен.
Иш-чаранын жыйынтыгында резолюция кабыл алынып, конференциянын материалдарынын электрондук жыйнагы жарыяланат.
"Жашыл Евразия" экологиялык сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды